Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Айдоочулар GoBus автобусун милициянын кийлигишүүсүнөн кийин өткөрдү


GoBus автобусун тосуп алган учур. 27-декабрь, 2022. Бишкек.
GoBus автобусун тосуп алган учур. 27-декабрь, 2022. Бишкек.

27-декабрда Бишкектеги эски аянтта Караколго жөнөгөн GoBus шаттлын тосуп турган айдоочулар аны милициянын кийлигишүүсүнөн кийин кое берди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлү Марс Черикчиев "Азаттыкка" билдирди.

"Автобуста Орусиядан келген туристтерди жана жергиликтүү жүргүнчүлөрдү кошкондо 30дан ашык адам бар болчу. Алар GoBus тиркемесинен алдын ала билет сатып алышкан. Бул - мамлекеттик долбоор, биз маселени жерине барып текшеребиз", - деди Черикчиев.

Буга чейин жүргүнчүлөрдүн бири жол тоскондор Караколго кичи автобустар менен кетүүнү сунуштаганын айтып, окуя тууралуу видеону социалдык тармактарга жайгаштырган.

Автобустар өздөрүнө атаандаш болот деген кичиавтобустардын айдоочулары машинелери менен шаттлдын жолун тороп алгандан кийин жүргүнчүлөр милиция чакырышкан.

50 орундуу GoBus автобусу Бишкек-Каракол-Бишкек багыты боюнча 26-декабрда алгачкы каттамга чыккан. Автобус Бишкектеги Жеңиш аянтынан эртең мененки саат 10:00дө Караколго жөнөйт. Ушул эле убакта Караколдон Бишкекке автобус чыгат. Билеттин баасы 450 сом.

GoBus автобусун тосуп, өткөрбөй койгондор.
GoBus автобусун тосуп, өткөрбөй койгондор.

Бул долбоор туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу максатында ишке кирген. Кичиавтобустар Манас аба майданына ар бир жарым саатта каттай баштаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG