Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Мыйзамсыз ташып келинген унаалардын маселесин комиссия карайт


Бишкектеги автоунаа базары.
Бишкектеги автоунаа базары.

Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Министрлер кабинети чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген автоунааларды легалдаштыруу багытында комиссия түзгөнү кабарланды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов парламенттин тармактык комитетинин 27-декабрдагы жыйынында билдирди.

Ал комиссиянын алдында түзүлгөн жумушчу топ өлкөгө мыйзамсыз алып келинген автоунааларды легалдаштыруу жагын Казакстандын мисалында карап жатканын белгиледи.

"Бул бир жолку гана акция болот. Комиссия 10-февралга чейин ишин жыйынтыкташы керек", - деди Исраилов.

Быйыл март айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга Абхазиядан болжол менен жети миңден ашуун машине кирген. Бул жактан ташылган автоунааларды Кыргызстанда каттап, мыйзамдаштырып берүүнү мамлекеттик органдардан талап кылгандардын митинги бир нече жолу өткөн.

Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып келүүгө уруксат берүүнү талап кылгандар кол чогултууну улантып жатышат. Бул багытта иш алып барган, активист Эртай Искаков түзгөн "Заяпошки" коомдук бирикмесинин соңку маалыматына ылайык, кол койгондор 67 миң 357 кишиге жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG