Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Өмүрбек Бакиров УКМКга сурак берип чыкканын билдирди


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бүгүн, 27-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкканын "Азаттыкка" билдирди. Ал эки сааттай суралганын, суроолор эч кайсы ишке байланыштуу эмес экенин белгиледи.

"Ким менен жолуктуңуз, каяктарга барасыз деген өңдүү эле суроолор берилди",-деди Бакиров.

Атайын кызмат депутаттын суракка алынышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин Бакировдун мандатына байланыштуу маселе көтөрүлгөн. 13-декабрда Бишкек шаардык административдик соту Бакировдун №4 Көк-Жар шайлоо округунан шайланып келген депутаттык мандатын анын атаандашынын арызы менен кайра карап чыгуу талабын канааттандырган. Депутат муну парламентке кысым, мыйзам бузуу катары баалаган.

17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Ал Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш берген.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарылып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир нече отурумдан кийин депутат иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгарылды деген бүтүм чыккан.

Өмүрбек Бакиров 44 жашта, 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 2018-жылы "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңешинин төрагасына кеңешчи болуп дайындалган. 2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП партиясынан депутат болуп барган. 2021-жылы Ош облусундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар айылдык шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Парламенттеги "Элдик" депутаттар тобунда. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG