Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Президент сыйлык тапшырууда Кемпир-Абад маселесине токтолду


Садыр Жапаров, сыйлык тапшыруу аземи учурунда. 29-декабрь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров, сыйлык тапшыруу аземи учурунда. 29-декабрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 29-декабрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи учурунда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо, Кемпир-Абад маселесине токтолуп, буга байланыштуу абакта отургандар тууралуу да айтты.

Мамлекет башчы Кемпир-Абадды шылтоо кылып, жеке кызыкчылыгын ишке ашырууга аракет кылган топтордун максаты ишке ашпаганын билдирди.

"Жакында кошуна Өзбекстан менен чек ара маселесине толук чекит койдук. Ушул маселеде Кемпир-Абад тилкесин шылтоо кылып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга аркет кылган топтор пайда болду. Бирок алардын түпкү максаты ишке ашкан жок. Себеби, эл маселе кандай чечилгенин толук түшүнүп турду. Кемпир-Абадды дээрлик 70 жылдан бери кошуна Өзбекстан башкарып келген. Бул жолу биз дагы чогуу башкарууга кирдик. Азырынча муктаждык жок, бирок качандыр бир убакта муктаждык жаралып калса, суу сактагычтын айланасындагы айылдарга суу тартууну жаңы келишимге киргиздик. Биз, эки тарап муну менен келечекте муктаждык жаралып калса ушул келишимдин негизинде суу алуу маселесин камсыз кылып койдук. Эгер алдын алып, бул норманы киргизип чечип койбосок, эки элдин ортосунда чыр чыгып кетиши мүмкүн", - деди Жапаров.

Президент буга чейин, 17-декабрда да "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. Бул билдирүүдөн кийин 12 адвокаттын турган топ өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экенин эске салышкан жана анын айткандарын сынга алышкан.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алардын 17си нааразылык иретинде 13-декабрдан бери ачкачылык кармашты. Бүгүнкү күнгө карата 16сы ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткону маалымдалды.

Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар алардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатат. Бир катар адам укугун коргогон эл аралык уюмдар расмий Бишкекти жапырт камалгандардын ишин калыс карап, бошотууга чакырып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта баштаган. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG