Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Шаардык сот Акматов менен Бузурманкуловду абакта калтырды


Айданбек Акматов жана Айбек Буcурманкулов
Айданбек Акматов жана Айбек Буcурманкулов

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Айбек Бузурманкуловду жана журналист Айданбек Акматовду үй камагына чыгаруу боюнча апелляциялык арызды канааттандырган жок.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту ушул иш боюнча кармалган 25 кишини 20-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы шаардык сотто 26-декабрдан тартып каралып, бардыгы камакта калтырылды.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алардын экөө Талант Эшалиев жана Нурланбек Асанбеков үй камагына чыгарылган. Абактагылардын 17си нааразылык иретинде 13-декабрдан бери ачкачылык кармаган. Бүгүнкү күнгө карата 16сы ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткону маалымдалды.

Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар алардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG