Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Баткенде достук жолугушуулары өтүп жатат


Баткендеги достук жолугушуулары. 28-декабрь, 2022-жыл.
Баткендеги достук жолугушуулары. 28-декабрь, 2022-жыл.

Баткендин кыргыз-тажик чектеш аймактарында достук жолугушуулары өтүп жатат.

Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Сейидали Эркебаев жана Тажикстандын Исфара районунун Ляккон жамаатынын башчысы Абдусамад Фозилов баш болгон делегация Чоң-Талаа айылында 28-декабрда жолугушту.

Ага эки тараптын айыл аксакалдары, аялдар кеңешинин төрайымдары, күч түзүмдөрүнүн, чек ара кызматынын өкүлдөрү, жаштар катышты. Анда чек аралаш аймактагы элдин ынтымагын бекемдөө, аймактар аралык алаканы чыңдоо, туруктуулукту камсыз кылуу сүйлөшүлдү.

Чек арага чектеш аймактарда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, эл арасында түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу, чыр-чатактарга жол бербөө максатында эки аймактын күч түзүмдөрү тыгыз кызматташтыкта, биргелешип иштөөнү улантууну макулдашты.

Ушундай эле жолугушууларды башка айыл өкмөттөрү дагы уюштурууда.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кагылышта эки тараптан жүздөн ашуун адам каза тапткан. Бул каргаша үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин күнөөлөгөн. (КЕ/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG