Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Алимбаевге жана ички иштер министринин үч орун басарына генерал наамы ыйгарылды


Абдикарим Алимбаев менен Садыр Жапаров.
Абдикарим Алимбаев менен Садыр Жапаров.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге, ички иштер министринин орун басарлары Адылбек Бийбосуновго, Эркебек Ашырходжаевге жана Сүйүнбек Ниязбековго генерал-майор наамы ыйгарылды.

Аларга наамды президент Садыр Жапаров 29-декабрда Ички иштер министрлигинин(ИИМ) ички аскерлеринин казармасынын ачылышында тапшырды.

Жаңы курулган казармада ИИМдин коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кыла турган, Бишкек шаарында жайгашкан 702 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жайгаштырылат.

Президент кыргыз бийлиги күч түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап, күчтөндүрүү аракетин көрүп жатканын айтты. Аскер кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу, турак жай менен камсыздоо жана кызмат өтөө үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады.

Аткаруу бийлигинин 29-декабрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коргоо, коргонуу жана коопсуздук тармагына көп көңүл бурула баштаганын билдирген. Анын айтымында, коопсуздук тармагына 2021-жылы 31,2 миллиард, быйыл 52,2 миллиард сом бөлүнгөн.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстанда генералдардын саны 150дөн ашат. Полковник наамы канча адамга берилгени белгисиз. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө 16 жарым миңдей аскер кызматкери бар. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG