Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Өзбек тышкы иштер министри Владимир Норов кызматтан бошотулду


Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовду кабыл алды. Бишкек. 3-ноябрь, 2022-жыл

Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Расмий маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка президент Шавкат Мирзиеев кол койду.

Норов тышкы саясий мекемени 2022-жылдын апрелинен бери ээлеп келген. Адегенде министр кызматын аткарып, сентябрда бекитилген.

Президенттин дагы бир буйругу менен билим берүү министри Бахтиер Саидов тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

41 жаштагы Саидов Ташкенттеги Мамлекеттик экономикалык университетте билим алган. Министрлер кабинетинде, Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинде эмгектенген.

2017-жылдын июлунда Кытайдагы элчи болуп дайындалып, былтыр билим берүү министрлигин жетектей баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG