Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Украинанын бир нече облусу дрондор менен аткыланды


Украина, Киев шаары. 29-декабрь, 2022-жыл
Украина, Киев шаары. 29-декабрь, 2022-жыл

30-декабрга караган түнү Украинанын бир нече облусу орусиялык дрондордун чабуулуна туш болду. Киев, Днепропетровск, Запорожье, Кировоград жана Черкассиде абадан коргонуу эскертүүсү берилди.

Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Алексей Кулеба инфраструктураны бутага алган учкучсуз учактардын мизи кайтарылганын айтты. Армия өкүлдөрү Днепропетровск жана Запорожье аймактарында орусиялык он дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Бир күн мурда Украинага 70 чакты ракета атылып, украин аба күчтөрү 54үн жок кылганы кабарланган. Жапырт аткылоодон кээ бир жерлерде электр жайлары жабыркаганын украин энергетика министри Герман Галушенко маалымдады. Министр Одесса жана Киев тараптарда абал өзгөчө кыйын экенин тактады.

Октярбдын ортосунан бери орус армиясы кошуна өлкөсүнүн энергетикалык инфраструктурасына сокку уруп келатат. Бардык ири ГЭСтер менен ЖЭБдердин иши үзгүлтүккө учарап, айрымдары калыбына келтирилди.

Киев ал чабуулдарды согуш кылмыштары деп сыпаттаса, орус бийлиги карапайым элди атайлап бутага алганын танууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG