Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

COVID-19: бир катар өлкөлөрдө Кытайдан келгендерди текшерүү күчөдү


Кытайдагы ооруканалардын бири. 21-декабрь, 2022-жыл
Кытайдагы ооруканалардын бири. 21-декабрь, 2022-жыл

Кытайда коронавируска кабылгандар көбөйүп жатканына байланыштуу бир катар өлкөлөрдө ал жактан келгендерди текшерүү күчөтүлдү.

Биринчилерден болуп Кытайдан каттагандарга чектөөнү Жапония киргизди. 30-декабрдан тарта жүргүнчүлөр анализ тапшырып, оору табылса, жети күндүк карантинге алынмакчы. Андан тышкары Кытай же Чыгыш майрамынын алдында санитардык чараларды күчөтүү каралууда.

Тест тапшырууга Индия, Тайвань, АКШ, Италия, Испанияга келгендер да милдеттендирилет.

Италия бийлигинин маалыматына караганда, 28-декабрда Миланга Бээжин жана Шанхайдан келген эки каттамда тең жүргүнчүлөрдүн дээрлик жарымынан вирус аныкталды.

Ошол эле маалда Австралия эч кандай чектөө киргизбесин билдирди.

Ноябрда Кытай COVID-19ду түп тамыры менен жоюу саясатынан баш тартканын жарыялаган. Анын артынан вирусту жугузуп алгандар кескин көбөйүп кетти. 25-декабрдан бери бийлик расмий статистиканы ачыкка чыгарууну токтотту. Ал эми бейрасмий маалыматтарда декабрда күнүнө он миллиондогон кишиден вирус табылганы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG