Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Нарында таза суу, жайыт боюнча долбоор ишке киргизилет


Нарын облусундагы айылдардын бири. Архив.
Нарын облусундагы айылдардын бири. Архив.

2023-жылдан тартып Нарын облусундагы айылдарды ирригациялык система, ичүүчү суу менен камсыздоо, жайыттарды башкарууга багытталган пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Долбоордун алкагында эки жыл ичинде ирригациялык, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын эксплуатациялоону, өнүктүрүүнү камсыз кылуу, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасы түзүлөт.

2025-жылдын 1-февралына чейин долбоордун натыйжасы изилденип, ал тажрыйбаны башка облустарга жайылтуу жөнүндө сунуштар киргизилет.

Кыргызстанда эки миңден ашуун айыл бар, алардын 400дөн көбүнө таза суу кирген эмес.

Быйыл бюджетте аймактарды өнүктүрүү боюнча фонддорду түзүү маселеси коюлганын каржы министри Алмаз Бакетаев июлда билдирген. Ошонун негизинде облус, район жана райондук деңгээлдеги шаарларга тиешелүү фонддор түзүлгөн. Быйылкы жылга бюджеттен жалпысынан 2,1 миллиард сом фонддорго каралып жатканы кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG