Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Кемпир-Абад иши: Марат Баязов ачкачылык кармоону токтотту


Марат Баязов.
Марат Баязов.

"Кемпир-Абадды" коргоо комитетинин абакта отурган мүчөсү Марат Баязов ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Саданбеков 30-декабрда "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматты Жаза аткаруу кызматы дагы ырастап, абактагылардын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайлар жок экенин билдирди.

Саданбеков өздөрүнүн күнөөсүз экенин билдирип, ачкачылык жарыялаган 17 кишинин катарында болчу, буга чейин алардын 16сы ден соолугуна байланыштуу акцияны токтотуп, тамак иче баштаган. Алар эки аптадай ачкачылык кармады.

Жакындары кайрылуу таратып, аларды "саясий туткун" деп аташкан жана айрымдарынын абалы канааттандырарлык болсо, кээ бирлериники оорлоп кеткенин, өз алдынча баса албай калганын билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрдын аягынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды кийинки жылдын 20-февралына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырылды.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG