Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Иран: акцияда каза тапкандардын кыркы митингдер менен коштолду


Ирандагы нааразыык акциясы. 25-декабрь, 2022-жыл
Ирандагы нааразыык акциясы. 25-декабрь, 2022-жыл

Ирандын бир нече шаарында 30-декабрда нааразылык акциялары болду. Анын катышуучулары коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапкан 10 митингчинин кыркын белгилешти. Семиром шаарынын борборундагы акциядан тартылган видеодо эл өкмөткө жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге каршы ураандарды кыйкырып турганын көрүүгө болот. Ал жерде 16-ноябрда жергиликтүү тургун, 24 жаштагы Али Аббаси коопсуздук аскерлеринин огунан мерт кеткен.

Эскерүү иш-чарасы Тегеранда, Букан, Марвадашт, Ахваз жана Изехте да уюштурулду.

Ислам жумуриятында 16-сентябрдан бери элдик толкундоолор токтобой келатат. Алар студент кыз Махса Амини адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден көп узабай көз жумганда тутанган. Бийлик маркум жүрөк оорусунан өлгөнүн билдирсе, жакындары менен күбөлөр Махсанын сабалганын айтышууда.

Нааразалык акцияларын күч менен басып келатышат. Сентябрдан бери тартип коргоочулардын колунан 500дөй киши, арасында 62 бала каза тапты, миңдеген демонстрант кармалды.

Эл аралык коомчулук Ирандагы адам укуктарынын тебеленип-тепселип жатканына тынчсыздануу билдирип келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG