Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Баткен мамлекеттик университетиндеги өрт өчүрүлдү


Баткен университети. 30-декабрь, 2022-жыл.
Баткен университети. 30-декабрь, 2022-жыл.

Баткен мамлекеттик окуу жайында 30-декабрда чыккан өрт өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Азатыткка" кабарлады. Маалыматка караганда, өрт тууралуу маалымат түшкү саат 14:00 чамасы түшүп, аны өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Университеттеги өрт бир сааттан ашыгыраак убакытта өчүрүлдү.

Алдын ала маалыматка караганда, окуу жайдын эки бөлмөсү күйүп кеткен. Учурда тилсиз жоонун себеби жана чыгымы такталып жатат. Жабыр тарткандар жок.

Быйылкы жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы каталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапты. ӨКМ маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөр 31 кишинин өмүрүн, 15,5 миллион сомго жакын материалдык баалуулуктарды сактап калды.

Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG