Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Олимпиада: Орусия жана Беларуска салынган санкциялар алынбайт


Томас Бах Киевдеги сапары маалында. 3-июль, 2022-жыл
Томас Бах Киевдеги сапары маалында. 3-июль, 2022-жыл

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Орусия менен Беларуска салынган санкциялар кала берүүгө тийиш деп кайталады. Эки өлкөнүн желектерин жана символдорун эл аралык мелдештерде колдонууга, Орусия менен Беларуста эл аралык турнирлерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Мындай чаралар Москва Украинага басып киргенден кийин киргизилген.

Жаңы жылдык билдирүүсүндө Бах комитет Украинанын Олимпиада кыймылын мындан ары да колдоруна ишендирди.

“Биз 2024-жылы Парижде жана Милан менен Кортинадагы 2026-жылкы кышкы оюндарда укрианалык күчтүү команданы көрүүнү каалайбыз”, - деп айтты ал.

Ноябрда Бах өкмөттөрдү атлеттерди эл аралык жарыштарга саясий байланыштары эмес, спорттогу жетишкендиктерине карап жөнөтүүгө чакырган. Бирок көп өтпөй санкциялар узартыларын, маселе эл аралык федерациялар, спортчулар, улуттук Олимпиада комитеттери менен талкууланганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG