Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 3-5-январь күндөрү аба ырайы туруксуз болуп, тоолуу райондордо, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында, Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -9…-14 градус суук болот.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Кечинде кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 6…8 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG