Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Косово НАТОнун тынчтык орнотуу күчтөрүн көбөйтүүгө чакырды


Албин Курти
Албин Курти

Жарым-жартылай таанылган Косовонун премьер-министри Албин Курти Сербия менен этникалык чыңалуу дагы бир жолу тутангандан кийин НАТОну Косоводогу тынчтык орнотуучу күчтөрүн көбөйтүүгө чакырды. Анын интервьюсу Германиянын Die Welt гезитине 1-январда жарыяланды.

"Биздин өлкөдө НАТОнун аскерлеринин жана аскердик техникасынын олуттуу көбөйүшү Косоводо жана бүтүндөй Батыш Балкан аймагында коопсуздукту жана тынчтыкты жакшыртмак", - деди Курти.

НАТО жетектеген коргоо күчтөрү 1999-жылы аяктаган чөлкөмдөгү согуштан кийин Косовонун коопсуздукгун камсыздоо милдетин алган.

Косовонун түндүгүндөгү кырдаал декабрдын башында "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин курчуп кеткен. Косово өкмөтү бул чыңалууну басаңдатуу үчүн 28-декабрда Пантичти бошотконун жарыялады, муну анын адвокаты "Азаттыкка" тастыктап, үй камагында экенин билдирди.

Мурдараак 600дөй серб өкүлү бийлик органдарынан кетип калган. Муну менен алар Косово өкмөтүнүн Сербиянын жаңы автоунаа номурларын тааныбоо чечимине нааразылык көрсөтүшкөн.

Акыркы жагдайлардан улам кошуна Сербия армиясын күжүрмөн даярдыкка келтирди.

Сербиянын президенти Александр Вучич буга чейин НАТОго кайрылып, серб аскерлери менен полиция кызматкерлерин Косовонун түндүгүнө жайгаштырууга макулдук берүүгө чакырган. Вучич Сербиянын мындай укугу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1999-жылдагы Косово чатагын жөнгө салуу боюнча резолюциясына ылайык деп ырастайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG