Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Израил Дамаск аэрпортуна сокку урганы кабарланды


Израил аба күчтөрүнүн учагы.
Израил аба күчтөрүнүн учагы.

Израил Дамасктын түштүгүнө кол салганы, мындан улам эл аралык аэропорт иштебей калганы тууралуу 2-январда Сириянын куралдуу күчтөрүнө шилтеме берүү менен Жакынкы Чыгыш жана Батыш маалымат каражаттары жазды. Эки аскер каза болуп, экөө жараат алганы кабарланууда.

Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы израилдик учактар ливандык "Хезболла" радикал тобунун жана Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун объектилерине чабуул жасаганын билдирди.

Сирия тараптын айтымында, аткылоо Голан дөңсөөлөрү тараптан жасалган. Израил азырынча буга комментарий бере элек.

Reuters агенттиги өткөн жылы Израил Сириянын аэропортторуна, анын ичинде Дамаскка сокку уруусун күчөткөнүн жазды. Израил армиясы Ирандын Сириядагы жана Ливандагы союздаштарын, анын ичинде "Хезболланы" курал менен камсыз кылуусуна жол бербөөнү көздөй турганы айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG