Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:22

NASA Кытай Айды ээлөөгө аракет кылышы мүмкүн деп кооптонууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кытай Айдын эң көп ресурстарга бай аймактарын ээлөөгө жана АКШны алардан алыс кармоого аракет кылышы мүмкүн. Мындай кооптонууну АКШнын Аэронавтика жана космосту изилдөө боюнча улуттук башкармалыгынын (NASA) жетекчиси Билл Нельсон Politico журналына айтты.

"Биз космостук жарышта экенибиз чындык. Илимий изилдөөгө жамынып, Айдын айрым участкаларын ээлеп албашы үчүн сак болушубуз керек",- деген Нельсон Бээжин кийин башкаларды жакын жолотпой коюшу ыктымалдыгын билдирген.

2030-жылы Бээжин Айдагы жашоону көздөгөн учууларды пландаштырууда. Акыркы жылдары Кытай Айдын үлгүлөрүн чогултуу үчүн, анын ичинде тарыхта биринчи жолу Айдын арт тарабына бир канча жолу аппарат учурду.

АКШ 2025-жылдын аягына чейин Айга астронавттарды кондурууну пландоодо. Айдагы миссиянын алкагында NASA 2024-жылы орбитага чыгууга экипаж жибермекчи. 2022-жылы декабрда астронавттарсыз космостук кеме Айды айланып өттү.

Орусия да Айга учуу жаатында дымактуу программасын жарыялаган. Роскосмостун мурдагы президенти Дмитрий Рогозин 2024-жылга чейин Айды айланып, 2030-жылга чейин космонавттарды кондурууну убада кылган. Кийинчерээк бул мөөнөттөр бир канча жолу алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG