Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Талибдер Исламабадды "мамилеге коркунуч жаратууда" деп айыптады


Пакистанда "Техрик-и-Талибан" тобуна байланыштуу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө тартылган сүрөт. Архив.
Пакистанда "Техрик-и-Талибан" тобуна байланыштуу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө тартылган сүрөт. Архив.

Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин өкмөтү Исламабадды "эки тараптуу мамилеге коркунуч келтирүүдө" деп айыптады. Мындай билдирүү Пакистандын ички иштер министри Рана Санаулла талибдерди согушчан "Техрик-и-Талибан" тобуна каршы "жетиштүү чара көрбөй жатат" деп айткандан кийин жасалды.

Пакистан "Техрик-и-Талибанды" террордук деп эсептейт. Маалымат каражаттары Санауллага таянуу менен Исламабад Ооганстандын ичиндеги бул топко каршы бир тараптуу чара көрүүгө аргасыз болушу мүмкүндүгүн жазууда.

Талибандын Коргоо министрлиги 1-январда кайрылуу жасап, "Техрик-и-Талибандын" турумдары Ооганстанда эмес, Пакистандын ичинде экенин билдирди.

"Пакистандык аткаминерлердин мындай дооматтары мамилеге доо кетирет. Бардык маселелени "түшүнүү жолу менен чечсе болот", - деп айтылат талибдердин билдирүүсүндө.

Пакистан өкмөтү аталган топ 2021-жылдын августунан 2022-жылдын августуна чейин өлкөдө 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кеминде 250 чабуул жасаганын айтат.

"Техрик-и-Талибан" Исламабад тынчтык келишимин бузууда деп Пакистандын өкмөтүн күнөөлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG