Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:42

Ташкенттен Алматыга бараткан учак турбуленттик тилкеге кабылды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Ташкенттен Алматыга бараткан Air Astana авиакомпаниясынын учагы турбуленттик тилкеге кабылып, жети жүргүнчү жабыркады. 2-январдагы бул окуя тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Каттам Ташкенттен жергиликтүү убакыт менен 14:35те учуп, 16:45те Алматыга конгон. Экипаж жабыркаган жүргүнчүлөргө биринчи медициналык көмөк көрсөткөндөн кийин "Тез жардам" кызматы алып кеткен.

Авиакомпания бул окуяга өкүнүчүн билдирип, жабыркагандарга бардык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Окуяга байланыштуу тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзөрү айтылды.

Кийинчерээк Казакстандын Жарандык авиация комитети беш адам жабыркап, алардын төртөө ооруканага баруудан баш тартканын, бир аял омурткасы сынган деген шек менен бейтапканага жеткирилгенин билдирди.

Турбуленттик тилке - толкундар туш келди пайда болгон кубулуш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG