Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Министрлик камактагы беш дарыгер боюнча билдирүү таратты


Саламаттык сактоо министрлиги.
Саламаттык сактоо министрлиги.

Саламаттык сактоо министрлиги камакка алынган дарыгерлерге байланыштуу билдирүү таратып, алардын баары боштондукка жакынкы арада чыгышына үмүттөнөрүн белгиледи. Мекеменин басма сөз кызматы 4-январда жарыялаган билдирүүдө өкүнүчтүү окуя болуп жатканы, министрлик тергөөнүн жүрүшүнө таасир эте албай турганы айтылды.

“Баланын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер медициналык жардамын көрсөтүүгө үлгүрө албай калган учурлар болот, бирок биз бейтаптын өмүрүн сактап калууга дайыма аракет кылып, колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Соңку окуядан кийин медицина коомчулугу арасында көпчүлүгү иштен кетип калууну көздөп жатышканы айтыла баштады. Бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана туура эмес иштерге барбоого чакырабыз. Дарыгерлик кесип гумандуу жана жоопкерчиликтүү жумуш болуп келген жана ошондой бойдон кала берет, медицина кызматкерлери улут саламаттыгын сактоого колунан келген салымын кошууда”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Министрлик камактагы дарыгерлердин жакындары менен байланышта экенин, аларга тийиштүү колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеп, ошол эле учурда мындай окуяларды болтурбоо үчүн медициналык тейлөөнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлганын маалымдады.

Ичи ооруп, алгач Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына, андан соң Эне-баланы коргоо борборуна жеткирилип, ошол жакта былтыркы жылдын 14-ноябрында чарчап калган үч жашар наристенин өлүмүнө байланыштуу Ленин райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдетин талаптагыдай аткарбаганы” деген беренесинин негизинде кылмыш иши козгогонун, алты дарыгерге айып тагылганын, алардын бирөө үй камагына чыгарылып, калган бешөө камакка алынганын мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

Камакта отургандардын эң улуусу 67деги, эң кичүүсү 27 жаштагы медицина кызматкери.

3-январда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында камакта отурган беш дарыгер менен жолугуп чыгышты. Дарыгерлер кыйноо же кандайдыр бир башка катаал мамиле болбогонун, бирок 28-декабрда камакка алынгандан бери эч кандай тергөө иштери жүрө электигин айтып беришкен.

Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну камактагы кесиптештерине юридикалык жардам үчүн элден каражат чогулта баштаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG