Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Сомалиде жардыруунун курмандыктары 15ке жетти

Сомалиде буга чейинки жардыруулардын биринде тартылган сүрөт.
Сомалиде буга чейинки жардыруулардын биринде тартылган сүрөт.

Сомалинин Хиран аймагында 4-январдагы жардыруунун курмандыктары 15ке жетти. Маалымат каражаттары эки машине жардырылганын, имараттар талкаланганын жазышты. Жараат алгандардын саны белгисиз.

Жергиликтүү бийлик кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ал-Каида" менен байланышы бар "Ал-Шабааб" террордук тобуна жүктөдү.

Хиранда өкмөт бир нече ай мурун "Ал-Шабаабга" каршы ири өнөктүк баштагандан бери аталган топ соккуларды күчөткөн. Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд 15 жылдан бери козголоң жүргүзүп келген исламчыл топко каршы “тоталдык согуш" жарыялаган.

XS
SM
MD
LG