Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:35

Караколдо эл аралык туристтик жарманке ачылды


Караколдо бүгүн 5-январда кезектеги KARAKOL FAIR эл аралык туристтик жарманкеси ачылды. Үч күн бою Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын имаратында конокторго жергиликтүү жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, экологиялык таза азыктар тартууланат жана экскурсиялар, концерттер уюштурулат.

Иш-чараны уюштурган “Дестинация Каракол” уюмунун маалыматына караганда, былтыр бул жарманкеге жалпысынан 4,5 миңдей адам катышкан, быйыл да коноктор көп болууда.

Бишкектен 400 чакырым аралыкта, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Каракол шаары соңку жылдары кышкы туризмдин борборуна айланууда. Андагы лыжа базаларында бул күндөрү эл өзгөчө көп. (RK)

XS
SM
MD
LG