Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор мөөнөтүнөн мурда абактан чыкты


Рашитжан Кадыров
Рашитжан Кадыров

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашитжан Кадыров мөөнөтүнөн мурда абактан чыкты. Ал 29-декабрда Ташкент облусунун Занги-Ата райондук сотунун чечими менен шарттуу түрдө бошотулганын "Азаттыктын" өзбек кызматы соттогу булактарына таянып жазды. Кабар расмий тастыктала элек. “Эзгулик” адам укуктары коомунун төрагасы Абдурахман Ташанов Кадыровдун эркиндикке чыкканын бышыктады.

Кадыров 12 шериги менен 2018-жылы кармалган. Ал 2019-жылдын июнунда 10 жылга эркинен ажыратылган. Кадыровго "Опузалоо", "Пара алуу" жана "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренелери менен айып коюлган.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл жетектеген 69 жаштагы Кадыров 2015-жылдын апрелинде кызматтан алынган. Экс-прокурор Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири деген маалымат да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG