Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Макеевкадагы күбө казармада 200дөй жоокердин сөөгүн көргөнүн билдирди


Макеевкада сокку урулган казарманын урандыларын тазалоо.
Макеевкада сокку урулган казарманын урандыларын тазалоо.

Орусия аннексиялап алган Донецк облусунун Макеевка шаарындагы орус аскерлеринин казармасына сокку урулганда 200дөй киши набыт болуп, 150дөйү жараат алганын "Верстка" басылмасы урандыларды тазалоого катышкан жоокерлердин бирине таянып жазды.

Ал өзү эки жүзгө жакын жоокердин сөөгүн көргөнүн айткан. Орусиянын Коргоо министрлиги расмий түрдө 89 жоокер набыт болгонун ырастады. Украина 400 киши өлгөнүн билдирген.

Орусиянын бир катар шаарларында Макеевкадагы казармада набыт болгон жоокерлерге аза күтүлүп жатат. 1-январга караган түнү телевизордо президент Путиндин жаңы жылдык куттуктоосу жаңырып жаткан маалда казармага украин армиясы HIMARS системасынан ракеталык чабуул койгон. Казармада аскерге мобилизациялангандардын эки полку жайгашкан.

Орусияда майдандагы мындай чоң жоготуу үчүн "аскер командирлери күнөөлүү" деген сын күчөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG