Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Орусияда "Озоди" радиосунун мигранттар тууралуу видеосу бөгөттөлдү


Орусиянын мамлекеттик байланышты жөнгө салуучу органы Роскомнадзордун логотиби, ноутбуктун экранынан тартылган.
Орусиянын мамлекеттик байланышты жөнгө салуучу органы Роскомнадзордун логотиби, ноутбуктун экранынан тартылган.

Орусиянын Байланыш, маалымат технологиялар жана массалык коммуникациялар кызматы (Роскомнадзор) "Украинская женская стража" коомдук уюмунун сайтын жана "Озоди" радиосунун тажик мигранттары тууралуу видеосун бөгөттөдү. Бул тууралуу "Роскомсвобода" долбоору кабарлады.

"Тажик өкмөтүнүн каршылашы эмнеге Украинага барды?" деп аталган "Озоди" радиосунун видеосу бөгөттөлдү. Ал видео тажик тилинде экенине карабастан, эмнегедир аны орусиялыктарга көрсөтпөөнү чечишкен", – деп жазды "Роскомсвобода".

Сайты бөгөттөлгөн "Украинская женская стража" – аялдарды өзүн коргоого үйрөтүп, согуш тууралуу маалымат берген коомдук уюм.

Декабрдын аягында Роскомнадзор Украинадагы согуш жашоосун өзгөрткөн адамдардын окуялары жарыяланган "Очевидцы" долбоорунун сайтын бөгөттөгөн. Анда долбоордун башкы редактору Виктор Мучник сайттын бөгөттөлгөнүнө карабастан, долбоордун материалдары социалдык түйүндөрдө жеткиликтүү болорун билдирген.

2022-жылы 26-мартта Роскомнадзор "Азаттык" радиосунун казак, түркмөн жана тажик кызматтарынын орус тилдүү сайттарын бөгөттөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG