Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Беларуста Нобел сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкийдин соту башталды


Алес Бяляцкий
Алес Бяляцкий

5-январда Минскинин райондук сотунда Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты, “Весна” укук коргоо борборунун төрагасы Алес Беляцкийдин, анын орун басары Валентин Стефановичтин жана “Эркин шайлоо үчүн укук коргоочулар” уюмунун координатору Владимир Лабковичтин соту башталды. Алар 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени кабарланууда.

Укук коргоочуларга өкмөткө каршы "нааразылык акцияларын каржылаган" жана "акчаны мыйзамсыз алып жүргөн" деген айып коюлган. Алардын тарапкерлери айыптоолорду четке кагып, бул ишти "саясий өч алуу" деп аташууда.

Беляцкий, Стефанович жана Лабкович 2021-жылдын 14-июлунан бери камакта. Соттун жүрүшүндө алар темир тордо отурушат. Бейшемби күнкү жараянга мамлекеттик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилди. Катышуучулардын баары өзүнчө тизмеге жазылганын «Азаттык» радиосунун беларус кызматы билдирди.

Былтыр Алес Беляцкийге украиналык “Жарандык эркиндиктер борборунун” жана орусиялык “Мемориал” уюмунун укук коргоочулары менен бирге Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. 7-октябрда сыйлыкты Беляцкийдин жубайы Наталья Пинчук алды.

АКШ, Евробиримдик баштаган бир катар өлкөлөр 2020-жылдын августунда Беларуста өткөн шайлоодон кийин Александр Лукашенкону мыйзамдуу шайланган мамлекет башчы катары тааныган эмес. Ага жана анын айланасындагыларга каршы санкциялар киргизилген. Лукашенконун режими адам укуктарын одоно бузган жана оппозицияны куугунтукка алган деп сыпатталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG