Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Январь окуясы: Казакстандын мурдагы коргоо министри айыпталууда


Мурат Бектанов
Мурат Бектанов

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов 2022-жылы январдагы нааразылык учурунда мыйзамсыз буйруктарды берип, аскердик стратегиялык объектилерди кароосуз калтырган.

Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов былтыр январда казак шаарларында болгон кагылышуулардын иликтениши жөнүндө баяндама жасаганда билдирди.

Бектанов 2022-жылдын февралынан бери абакта отурат.

Асыловдун айтымында укук коргоо органдарынын кызматкерлери президент Касым-Жомарт Токаев курал колдонууга буйрук бергенге чейин нааразылыкка чыккандарга ок ата баштаган.

Январь окуясында Алматыда 151, Кызылорда шаарында 26, Чымкентте 20, Таразда 17 киши каза болгон.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык 200дөн ашкан.

Тергөө, сот иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG