Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

"Камбар-Ата-1": үч өлкө макулдашууга кол койду


Бүгүн 6-январда Бишкекте, Энергетика министрлигинде Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюлду.

Жолугушууда долбоорду ишке ашыруу үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болору белгиленди.

Макулдашууга Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов кол коюшту.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Кыргыз тараптын билдиришинче, курулушка даярдыктар башталды.

“«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте "Камбар-Ата-1" ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. Бүгүн биз "Камбар-Ата-1" ГЭСин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол койдук. “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт”, - деди министр Ибраев.

Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой турганын билдиришти.

Бишкек буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлө турганын билдирген. Энергетиктер эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жете турганын белгилешет.

Президент Садыр Жапаров бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин айткан.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG