Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

BMW компаниясы түсүн заматта өзгөрткөн автоунааны көргөзмөгө койду


Лас-Вегастагы CES 2023 көргөзмөсүндө BMW компаниясынын түсүн заматта өзгөртө турган автоунаасы көрсөтүлдү. Элди таң калтырган i Vision Dee концептуалдык машинесинин көрүнүшү 32 түскө алмашат.

Электрден кубат ала турган автоунаада айдоочулар көнгөн экрандар жок, бардык маалыматтар алдыңкы айнектеги дисплейде көрсөтүлөт. Айдоочу керектүү баскычтардын жардамы менен каалаган түсүн тандап, терезелердин өлчөмүн, санын жана алардын мазмунун тууралай алат. Машинени сатыкка 2025-жылы чыгаруу мерчемделүүдө.

Хамелеон-автоунаа деп сыпатталган машинеде ар кыл түскө алмаша турган клеткалар да бар. Бул үчүн BMW компаниясы E ink технологиясын колдонгон. Түстөр электр сигналдары аркылуу кубулуп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG