Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Ноокатта консерваланган азыкка ууланган учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында бир адам тамак-аштан ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кудрет Маматаиров "Азаттыкка" билдирди.

20 жаштагы келин 5-январдын кечинде үй шартында консерваланган салат жеген. Эртеси күнү эртең менен өзүн жаман сезип, башы айланган. Алдын ала эпидемиологиялык изилдөөлөрдө ага ботулизм деген диагноз коюлган.

Бейтапка бардык медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалы орто. Аны менен байланышта болгон беш үй-бүлө мүчөсү учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанда 10 ай ичинде тамакка ууланган 100 окуя катталып, жабыркагандар 437 адам болгон. Алардын арасынан 25 окуя ботулизм деп аныкталып, 34 адам ооруканага түшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG