Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Аба ырайы: Кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 9-10-11-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерге кар калың түшөт. Жолдор тайгак, тоңголок жана кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

12-13-январларда абанын температурасы дагы төмөндөп, бийик тоолуу райондордогу суук түнкүсүн -30…-35 градуска чейин жетет.

9-11-январдагы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 55-107-чакырымдарында, Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

9-январда өлкөнүн көпчүлүк облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11 градус суук.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүз 4…6° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG