Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Өнөкөт оорусу барларга жакынкы күндөрү тышка көп чыкпоо сунушталды


Бишкек. Ыштын көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Ыштын көрүнүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин жана шаар четиндеги конуштардын өнөкөт оорусу бар тургундарын жакынкы күндөрү тышка көп чыкпай турууга чакырды.

Мекеменин 10-январдагы кайрылуусунда Кыргызстандын аймагында алдыңкы күндөрү абанын температурасы -20...-38 градуска чейин төмөндөй тургандыктан, үйдү жылытуу үчүн көмүр, айрымдар дөңгөлөк, желим жана тигүү цехтеринин таштандысын көп жага баштай турганы, мунун баары абанын өтө булганышына алып келери белгиленди.

“Мындай күндөрү абанын курамында PM2.5 зыяндуу бөлүкчөлөр көбөйүп, адамдын ден соолугуна таасири тиет. Андыктан жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын, онкология, аллергия өнөкөт оорулары барлар, бир жашка чейинки курактагы балдар, кош бойлуулар мүмкүн болсо сыртка чыкпай турганы оң. Үйдө отургандар тыштан булганыч аба кирбеши үчүн терезени ачпаганы, үйдү улам нымдап тазалап турганы туура болот”, - деп жазылган департаменттин маалыматында.

Синоптиктердин айтымында, соңку бир нече күндөн бери нөлдөн жогору температура сакталып турган Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө күндүзгү температура -20 градустун тегерегинде, тоолордо -38ге чейин болот.

Буга байланыштуу окуучулардын 10-январда аяктаган кышкы каникулу 15-январга чейин узартылды.

Бишкектин коммуналдык кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтө баштады.

Борбор калаанын тегерегинде элүүгө жакын жаңы конуш бар. (RK)

XS
SM
MD
LG