Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Салык кызматынын чек лотереясы быйыл да уланат


Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" деген ураан менен лотерея өткөрүүнү быйыл да улантат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков "Азаттыкка" билдирди.

Учурда Министрлер кабинетинде лотерея өткөрүүнүн нормативдик-актылары даярдалып жатат.

Сазыков мындан тышкары жарандарды көзөмөлдүк-кассалык машинанын (ККМ) чектерин талап кылууга кызыктыруу үчүн соода кылганда төлөгөн акчасынын бир бөлүгүн кэш катары кайтарып берген долбоор даярдалып жатканын айтты.

Мында жаран ККМ чектерин чогултуп, тиркемеге киргизет. Кийин анын төлөгөн акчасынын бир бөлүгү картасына түшүп турат.

Сазыков бул долбоор 2023-жылдын экинчи кварталынан баштап ишке ашарын, азыр даярдыктар жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик салык кызматы уютурган лотерея былтыр үч жолу өткөрүлдү. Ага 170 миңден ашык адам катышып, алар жалпысынан 18,3 миллиард сомго 17,9 миллион лотереялык ID-билеттерди топтошкон. Лотереянын жеңүүчүлөрүнө батир, автоунаалар жана башка баалуу белектер берилди.

Өкмөт лотерея ойнотуу менен жарандарды ККМ чектерди талап кылууга үндөп келет.

Салык кызматынын эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.

Салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт ККМ талап кылууга былтыр киришкен. Буга каршы ишкерлер республиканын көпчүлүк аймактарында нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG