Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Орусия менен Украинанын омбудсмендери Түркияда жолугушту


Дмитрий Любинец жана Татьяна Москалькова.
Дмитрий Любинец жана Татьяна Москалькова.

Орусия менен Украинанын акыйкатчылары Татьяна Москалькова жана Дмитрий Любинец Түркияда жолугушту.

Москалькова Украинанын омбудсмени менен эки өлкөнүн жарандарына гуманитардык жардам көрсөтүүнү талкуулаганын Телеграмга жазды. Башка маалымат берген жок.

Любинец бул жолугушуу мурдагы макулдашуулардын алкагында уюштурулганын билдирди. Украинанын акыйкатчысы орусиялыктар менен украиналыктарга укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Любинец конкреттүү демилгелер болгонун белгилеп, бирок анын чоо-жайын ачык айткан жок.

"Биз ар бир украиналыкка жардам берүү үчүн иштөөнү улантабыз", - деди ал Телеграмдагы билдирүүсүндө.

Буга чейин Любинец талкуунун негизги темасы - аскер кызматкерлеринин жана бозгундагы жарандардын маселеси болорун билдирген. Москалькова өткөн жылдын аягында орусиячыл көз карашы үчүн Украинада жоопко тартылгандардын жагдайын талкуулоону каалаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG