Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүүнү улантат


Келишимдин мөөнөтүн узартуу учурунда тартылган сүрөт.
Келишимдин мөөнөтүн узартуу учурунда тартылган сүрөт.

Тажикстандын "Барки Точик" мамлекеттик энергохолдинги менен Da Afghanistan Breshna Sherkat —DABS - "Брешна" энергетикалык компаниясы Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү жөнүндө келишимди узартты.

"Талибан" өкмөтүнүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги билдиргендей, келишим 2023-жылдын аягына чейин күчүндө болот.

Ошол эле маалда Тажикстан 2023-жылы канча көлөмдө электр кубатын экспорттой турганы айтылган жок. Өткөн жылы "Брешна" компаниясынын өкүлдөрү Тажикстандан Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү эки эсеге көбөйгөнүн маалымдашкан.

2022-жылдын алгачкы алты айында Тажикстан Ооганстанга 734 миллион кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Ооганстандын тогуз аймагы Тажикстандан келген электр жарыгын пайдаланат.

Тажик өкмөтү Кабулдун азыркы бийлиги менен эч кандай дипломатиялык байланышы жок экенин билдирип келет. "Талибан" былтыр Тажикстанды өлкөнүн ички ишине кийгилишпөөгө үндөгөн.

Январдын башында Ооганстандагы талибдер түзгөн өкмөттүн Энергетика жана суу ресурстары министрлиги электр энергиясын алуу боюнча Өзбекстан менен келишимди да 2023-жылдын аягына чейин узарткан.

XS
SM
MD
LG