Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

"Аватар: Cуудагы жол" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгын албай калды


 Стивен Спилберг
Стивен Спилберг

Лос-Анжелесте 10-январда "Алтын глобус" киносыйлыгы тапшырылды. Негизги номинациялар режиссер Стивен Спилберг, актриса Кейт Бланшетт жана актёр Остин Батлер ыйгарылды.

80-жолу өтүп жаткан сыйлоо аземинде Стивен Спилберг "Фабельмандар" фильми үчүн "Эң мыкты режиссер" наамына татыктуу болду. Тасма Спилбергдин Аризона жана Калифорниядагы эскерүүлөрүнө негизделген.

Ушул эле кино картина "Эң мыкты драмалык тасма" номинациясын да жеңди. Бул сыйлыкка Жеймс Кэмерондун "Аватар: Суудагы жол", Баз Лурмандын "Элвис", Тодд Филддин "Тар" жана Жозеф Косинскинин "Топ Ган: Мэверик" тасмалары да талапкер болгон.

"Драмадагы эң мыкты актер" сыйлыгы Остин Батлерге "Элвис" фильминдеги Элвис Преслинин ролу үчүн берилди. Кейт Бланшетт "Тар" тасмасындагы башкы ролу үчүн "Эң мыкты драмалык актриса" деп табылды.

"Эң мыкты анимациялык тасма" сыйлыгы мексикалык режиссер Гильермо дель Торонун "Пиноккио" фильмине берилди. "Мыкты драмалык сериал" наамын "Ажыдаардын үйү" тасмасы алса, "Эң мыкты минисериал" наамына "Ак лотос" татыктуу болду.

Салтанатта видеокайрылуу жасаган Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул таптагы орус баскынчылыгына каршы салгылашты “согуш тууралуу кинодон гана билген жаңы муундун укуктары үчүн күрөш” деп сыпаттады.

Голливуддагы чет өлкөлүк басма сөз ассоциациясы “Алтын глобус” сыйлыгын 1944-жылы негиздеген. Лауреаттарды уюмга мүчө жүздөй эл аралык журналист аныктайт.

"Алтын глобусту" алган тасма мартабалуу "Оскар" сыйлыгына башкы талапкер болуп калат.

XS
SM
MD
LG