Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Абактагы Суранова абалы начарлаган эки аялды бошотууга президентти чакырды


Перизат Суранова сот залында апасы менен.
Перизат Суранова сот залында апасы менен.

Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрдан бери абакта отурган активист Перизат Суранова 11-январда президент Садыр Жапаровго кат менен кайрылды.

Анын катын укук коргоочулар интернетке жарыялашты. Анда активист өзү менен кошо абакта отурган саясатчы Асия Сасыкбаева менен БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны камактан чыгарууга чакырган:

"Сасыкбаева 72, Журабаева 63 жашта, экөөнүн тең ден соолугу талаптагыдай эмес жана күндөн-күнгө начарлап баратат. Эки байбиче пайгамбар жашынан өтүп, балдарынын төрүндө отурар кезде тор капаста камалышып, 80 күндөн бери мыйзамсыз абакта отурушат. Күн санап, абалы начарлап бараткан Асия Айтбаевнанын ден соолугуна ким кепилдик берет? Эне кадырын сыйлап, жашын сыйлап, эне эмгегин баалап, барктап экөөнү тең абактан чыгарып, баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүгө президент катары өз салымыңызды кошосуз деп үмүттөнөм", - деп жазган Суранова.

Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Адам укугун коргоочу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен камалгандарды бошотууну талап кылган.

Азыр 26 кишинин 24ү абакта отурат. Нурлан Асанбеков менен Талантбек Эшалиев үй камагына чыгарылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG