Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Канада Украинага абадан коргонуучу NASAMS жабдыктарын берет


NASAMS
NASAMS

Канада АКШдан орто аралыктагы абадан коргонуучу NASAMS зениттик-ракеталык комплексин сатып алып, Украинага берет. Бул тууралуу Канаданын коргоо министри Анита Ананд украиналык кесиптеши Алексей Резников менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди.

Ананддын айтымында, бул зениттик система Украинанын калктуу конуштары менен маанилүү инфраструктуралык объектилерин аба соккуларынан коргойт.

Украинанын президенттик кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Телеграм-каналына бул өтө жакшы жаңылык экенин жазды.

"Биздин абадан коргонуу тармагына салынган инвестиция — бул Европанын коопсуздугуна салым кошуу. Өнөктөштөргө рахмат", – деди ал.

Жылып жүрүүчү NASAMS зениттик-ракеталык комплекси кандай гана аба ырайы болбосун кичи жана орто бийиктиктеги буталарды жок кылууга жөндөмдүү.

Өткөн жылы октябрда АКШ Украинага алгачкы эки NASAMS комплексин берген. 2022-жылдын аягында Вашингтон Киевге NASAMS системаларын сатып берүү үчүн Raytheon компаниясы менен 1,2 миллион долларлык келишим түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG