Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” ички иштер министрине кайрылуу жолдоду


“Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси бүгүн 11-январда ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, алардын тынч акцияга чыккан тарапташтарын кармап кеткен милиция кызматкерлери мыйзам бузду деген пикирин билдирди. Кайрылуу комитеттин мүчөсү, камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланды.

Кайрылууда Кыргызстандын Конституциясы ар бир кыргыз жаранына тынч митингге чыгуу кепилдигин берери, ошол укугунан пайдаланып камактагылардын тарапташтары, жакындары мыйзамдуулукту талап кылып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына барышканы, бирок милиционерлер Баш мыйзамга каршы келген чечимге таянып аларды кармаганы белгиленди.

“Мыйзамды, саясий маданиятты жана гумандуулук принциптерин бузбаңыз. Аялдарды, карыган апаларды, жаш кыздарды камоо, кармоо эч кандай мыйзамсыз, жигитчиликке, жогорку мамлекеттик кызматчынын этикасына дагы жатпайт” деп айтылат бирикменин Ниязбековго жолдонгон кайрылуусунда.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды милиция кармап кетип, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында протокол толтурулгандан кийин кое берген.

ИИМ жетекчилиги бирикменин бүгүнкү кайрылуусуна азырынча комментарий бере элек.

Ал эми кечээки кармоолор тууралуу ИИМ алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, 27 адам кармалып, алар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 139-беренеси (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренеси (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) менен протоколдор түзүлгөн. Министрлик документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG