Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Грекиянын акыркы падышасы Константин II көз жумду


Константин II
Константин II

Грекиянын акыркы падышасы Константин II 82 жашында Афинада көз жумду.

Ал 1964-1973-жылдары мамлекетти башкарганы айтылганы менен, иш жүзүндө бийликте 1967-жылдын декабрына чейин болгон. Атасы өлгөндөн кийин тактыга отурган 23 жаштагы Константин II курч саясий кризиске туш келген.

Парламенттин колдоосуна ээ болбогон бир нече өкмөт алмашкандан соң, 1967-жылы апрелдеги аскердик төңкөрүштө бийлик "кара полковниктердин" режимине өткөн. Падыша 1967-жылдын декабрына чейин хунта менен бирге болуп, аны колдогон аскерлердин жардамында кайра төңкөрүш жасоого аракет кылган. Бирок ал ишке ашпай, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

1973-жылы аскердик режим монархияны жойгон. Бир жылдан кийинки референдумда көпчүлүк жарандар республиканы колдоп добуш беришкен. Константин II элдин тандоосун кабыл алганын жарыялаган. Бирок грек бийлиги менен болгон мүлк талашынан улам 2013-жылы гана Грекияга кайтып келген.

  • Жаш кезинде Грекиянын акыркы падышасы яхта спортун жакшы көргөн жана 1960-жылы Dragon яхта классында Олимпиада чемпиондугун уткан. 1994-жылдан тарта Норвегиянын королу Харальд V менен бирге Эл аралык яхта федерациясынын ардактуу теңтөрагасы болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG