Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Тажикстанда төрөлгөн алты эм чарчап калды


Алты эм.
Алты эм.

11-январда Тажикстандын Хожент шаарында төрөлгөн алты эм – эки бала жана төрт кыз чарчап калды. Бул тууралуу Согд облустук төрөт үйүнүн дарыгери билдирди.

Медиктер балдардын ара төрөлгөнү – өлүмдүн негизги себеби экенин айтышты.

“Кош бойдуу аял мөөнөтүнөн мурда көз жарган. Балдардын көбү алты айлык болуп төрөлгөн жана 550дөн 700 граммга чейин гана салмакта болушкан”, - деди төрөткананын дарыгерлеринин бири.

Ымыркайлардын энеси, 26 жаштагы Муборак Сохибова ушул тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Үй-бүлөнүн эки баласы бар.

Тажикстанда алты эм төрөлгөн учур биринчи жолу катталды. 2020-жылы Кубодиён районунда 30 жаштагы аял беш эм төрөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG