Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Мугалимди мазактоодон коргогон мыйзамдын жумшартылган варианты жактырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору баштапкы вариантынан кыйла жумшартылган түрдө кабыл алынды. Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында долбоор үчүнчү окууда жактырылды, эми ал президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

“Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун былтыр депутаттар Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо иштеп чыгышкан.

Анда мугалимге окуучу же ата-эне жаман сөз айтып, адепсиз мамиле жасап, кордоп тийишкен, мазактаган, атүгүл кол салган окуялар көбөйгөнү, мунун баары педагогика кызматкеринин коомдогу өзгөчө укуктук макамынын төмөндөшүнө алып келип жатканы белгиленген. Окуучулардын мындай мамилеси көбүнесе чоңдордун жүрүм-турумунун күзгүсү экени айтылган.

Алгачкы вариантында жаза катары чоңдорго 2-5 миң сом айыппул же 3-5 күндүк административдик камак, окуучуларга 4 миң сомдук айыппул сунушталып жаткан.

Кийин айыппул тууралуу сунуш алынып, ата-энелерге оозеки же жазуу түрүндө эскертүү берүү деген гана норма жазылган.

Айрым укук коргоочулар мыйзам долбоорунун алгачкы вариантына каршы чыгышкан. “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова бул мыйзам балалык жалпы коомчулуктун камкордугуна муктаж экени белгиленген БУУнун Балдар конвенциясына жана Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келерин айткан.

Мыйзам долбоору интернетте мектепте мугалим менен окуучулар айтышып, бирине бири кол көтөргөн видеолор көп тарай баштаган кезде иштелип чыккан. Айрымдары боюнча териштирүү жүрүп, мугалимдер иштен кеткен учурлар болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG