Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:06

Ташкент мэриясы сууктан улам элге акысыз палоо таратууда


Палоо
Палоо

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын мэриясы суукка байланыштуу 16-январга чейин элге беш тойканада акысыз палоо таратууда.

Тамак негизинен колу жукаларга, турак жай-коммуналдык чарба, көрктөндүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине берилет.

Бул тууралуу калаа администрациянын Telegram каналында маалымат таратылды. Каналда тургундар кайсы тойканаларга саат канчада барышы керектиги да жазылган.

Мэрия бир күндө канча палоо даярдалып, ага канча каражат коротуларын, кандай тартипте бөлүштүрүлөрүн билдирген жок.

Өзбекстандын гидрометборбору 10-январдан тарта бир апта бою өлкөдө адаттан тыш суук болуп, абанын температурасы дээрлик -30 градуска жетерин эскерткен. Кошуна Кыргызстанда, Тажикстанда да ушундай суук болуп жатат.

Катуу суукка байланыштуу Бишкек мэриясы убактылуу жылынуучу чатырларды уюштурду. Үшүгөндөргө ал жерде ысык чай да берилет.

Дүйшөмбү шаарында көчө тазалаган кызматкерлерге акысыз ысык чай берилип, кароосуз ит-мышыктарга жылуу жайлар уюштурулганын социалдык түйүн колдонуучулары жазууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG