Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

"Коммерсантъ": Путин 2024-жылкы шайлоого катышууга камданууда


Путин
Путин

Кремль Орусияда 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого даярданы баштады.

Президенттик аппараттын кызматкерлери шайлоо согушка карабастан өз убагында - март айында өтөрүн жана ага Владимир Путин катышарын белгилешүүдө. Бул тууралуу "Коммерсантъ" гезити Кремлге жакын булактарына таянып жазды. Ушул өңдүү маалыматты "Верстка" басылмасы да жарыялады. Путиндин талапкерлигин көрсөтүү сценарийи Кремлде талкууланып жатканын декабрда РБК агенттиги жазган.

2020-жылы кабыл алынган Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр Путиндин буга президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, 2024 жана 2030-жылдагы президенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берген.

2000-жылдан бери (2008-2012-жылдары тыныгуу менен) мамлекетти башкарып келаткан Путин шайлоого катышабы же жокпу, азырынча унчуга элек. Буга чейин ал жаңы мөөнөткө ат салышарын чече электигин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG