Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Казакстан Орусия аркылуу Германияга мунай жеткирүүгө уруксат алды


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстандын "КазТрансОйл" компаниясы Орусиянын Энергетика министрлигинен өлкө аймагы аркылуу Германияга мунай ташууга уруксат алганын билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап 2023-жылдын биринчи кварталында "Транснефть" орус компаниясынын мунай кууру аркылуу Германияга 300 миң тонна мунай жеткирүүгө ниеттенип жатат.

11-январда Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков өлкө Германияга алгачкы 20 миң тонна мунайды "Достук" кууру аркылуу жеткирүүгө даяр экенин, бирок буга орус тараптын макулдугун күтүп жатканын билдирген. Министр белгилегендей, Казакстан 2023-жылы Германияга 1,5 миллион тонна мунай экспорттоону көздөп жатат.

"Зарыл болсо казак тарап бул көлөмдү 6-6,5 миллион тоннага чейин жеткире алат. Бирок Германиянын суроо-талабы андан да кыйла көп", – деген Акчулаков.

Казакстан быйыл 90,5 миллион тонна мунай өндүрүп, анын 71 миллионун экспорттоону пландап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG