Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Сот телеоператор Калыс Ашырбаевди тил кат менен камактан чыгарды


Калыс Ашырбаев.
Калыс Ашырбаев.

13-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “опузалоо” айыбы коюлуп жаткан журналист Санрабия Сатыбалдиеванын жана оператор Калыс Ашырбаевдин иши боюнча алгачкы угуу өттү.

Соттун чечими менен Ашырбаев өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулганын “Азаттыкка” анын жакындары кабарлашты.

Жогорку соттун басма сөз кызматы “Жактоочу тарап сотко жабыркаган жана айыпталуучу тараптардын элдешүү тууралуу келишимин алып келди. Жабыркаганын айткан тарап соттон айыпталуучунун бөгөт чарасын камакка байланышпаган чарага алмаштырууну суранды” деп билдирди.

Mir24.kg порталынын директору Сатыбалдиева менен ушул эле медианын оператору Ашырбаев былтыр 3-ноябрда кармалган. Ички иштер министрлиги бул тууралуу “2016-2017-жылдардагы аудиону Интернетке жарыялайбыз деп опузалап, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар 2 миң доллар алып жаткан учурда колго түштү” деп маалымдаган.

Сатыбалдиева кош бойлуу экенинен улам өлкөдөн чыкпоо тууралуу токтомдун негизинде бошотулган. Ал соңку кезде социалдык түйүндөрдө бийлик өкүлдөрүн сындаган пикирлерин жазып жүргөн.

Ашырбаев Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камакка алынган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG