Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Кемпир-Абад иши: Бекназаровдун агасынын соту болду


Казымбек Бекназаров сот залында.
Казымбек Бекназаров сот залында.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын жакындарынын үстүнөн сот уланууда. Бүгүн 13-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун бир тууган агасы Казымбек Бекназаровдун иши каралды.

Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдиргендей, соттук териштирүү 18-январда уланмай болду.

Казымбек Бекназаров 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында өткөн “Мыйзамдуулук үчүн!” акциясына катышкандан кийин кармалып, кайра кое берилген. Ага милицияга баш ийген жок деген мүнөздөгү айып тагылган.

12-январда Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованын ушундай эле айып боюнча иши каралган.

Анда милициянын өкүлү 10-январда отуздай демонстрант кармалганын, бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу" деген 139-беренесинин жана үчөөнө "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде) протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилгенин маалымдаган.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген жана документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG