Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Мас болуп чыр чыгарган милиция кызматкери менен жетекчиси иштен алынды


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарындагы дүкөндөрдүн биринин жанында мас болуп жаңжал салган милиция кызматкерине жана анын жетекчилерине чара көрүлгөнүн билдирди.

Ага ылайык, Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын инспектор-кинологу, милициянын ага лейтенанты Максат Нурбек уулу иштен бошотулду. Бул окуяга байланыштуу аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары тартиптик жазага тартылып, Кинология борборунун башчысы да кызматтан алынды.

“Жарандардын арыз-даттанууларын кароодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук фактыларына өзгөчө көңүл бурууда. ИИМдин жетекчилигинин ишинин негизги багыттарынын бири милицияны колу таза эместерден тазалоо болуп болуп саналат”, - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Бишкектеги дүкөндөрдүн биринин алдында формачан милиция кызматкери мас абалында турганы, айрым бир жоруктарга барганы тартылган видео тарап, ал талкуу жараткан эле.

Өткөн айда Нарын жана Жалал-Абадда уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү опузалап акча талап кылган жана аларды милиция кызматкерлери калкалаган фактылардан улам аталган облустардын милиция башчылары кызматтан алынган, кээ бир аймактарда кадрларды алмаштыруу, ротация болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG